Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы биринчи аймактар аралык форум: кызматташтык чек араларын кеңейтебиз

2023-жылдын 22-сентябрында Тараз шаарында (Казакстан Республикасы) Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда «Кызматташтыктын чек араларын кеңейтүү» темасында Биринчи Аймактар ​​аралык форум болуп өттү.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын министрликтеринин жетекчилеринин орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле кыргыз жана казак ири компанияларынын жетекчилери сөз сүйлөштү.

Форумдун алкагында өткөн кыргыз-казак ишкер диалогунда эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары, эки өлкөнүн кызматташтыгын кеңейтүү үчүн бизнеске дем берүү чаралары, инвестиция агымынын өсүшү жана соода мамилелерин өнүктүрүү талкууланды.

Иш-чарага эки өлкөнүн айыл чарба, өнөр жай жана жеңил өнөр жай тармагындагы 70тен ашуун компаниялары катышты.

Кыргыз-казак ишкер диалогунун жыйынтыгында кыргыз жана казак компанияларынын ортосунда жалпы суммасы 64 миллион АКШ долларынан ашкан 12 келишимге жана меморандумга кол коюлду.

Мындан тышкары, 2023-жылдын 23-сентябрында кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйыны болуп өттү.

Кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына Министрлер Кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси А.У.Жапаров жана Казакстан Республикасынын Премьер-Министри А.А.Смаилов баштаган эки өлкөнүн делегациялары катышты.