Балыкчыда компьютердик томография борборунун ачылышы: саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк

Бүгүн, 2023-жылдын 20-сентябрында Балыкчы шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин жана МЖӨ борборунун көмөгү менен “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарында компьютердик диагностика аппараттарын орнотуу” мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында диагностикалык борбор ачылды.

Бул МЖӨ долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги мамлекеттик өнөктөш, ал эми жеке өнөктөш “Афей Холдинг” ЖЧК болуп саналат.

Мындан тышкары, МЖӨ долбоорунун алкагында кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы калктын бардык катмары үчүн жеткиликтүү болот. Алсак, жеке клиникаларга караганда калктын белгилүү бир бөлүгү макулдашуунун мөөнөтү – 15 жыл ичинде жеңилдетилген негизде тейленет. Жеке өнөктөш ошондой эле техниканы тейлөөнү жүзөгө ашырат, жогорку квалификациялуу диагностикалык дарыгерлер менен камсыздайт, Кытай Эл Республикасынан келген кесиптештери менен дарыгерлерди окутуу жана тажрыйба алмашууну өткөрөт.

Макулдашуунун мөөнөтү аяктагандан кийин жеке өнөк бардык жаңыртылган объекттерди жана жабдууларды Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу мамлекеттик өнөккө толук менчикке өткөрүп берет.

Маалымат үчүн: “Афей Холдинг” ЖЧК (КЭР) ядролук магниттик резонанстын физикалык кубулушун колдонуу менен ички органдарды жана ткандарды изилдөөнүн томографиялык ыкмасына адистешкен. Компания буга чейин Эфиопияда ушундай долбоорлорду ишке ашырган: AFEI diagnostic center, Адис Абеба (2009-жылдан бүгүнкү күнгө чейин) инвестициясы 2,5 миллион АКШ долларын түзөт, ошондой эле Silk Road General Hospital ооруканасы 36 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү инвестиция менен.