Улуттук агенттик менен “ALTINOK CONSULTING ENGINEERING INC” Кыргызстанда логистиканы өнүктүрүү боюнча келишимге кол коюшту

Стамбул шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары Н.М. Баясов “ALTINOK CONSULTING ENGINEERING INC” компаниясынын президенти Энвер Алтынок мырза менен логистика тармагында эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.  

Ошону менен бирге компания өкүлдөрү Кыргыз Республикасындагы инвесторлорго берилген мүмкүнчүлүктөр, ошондой эле ВСП жана ВСП+ преференциалдык статусунун алкагында Европа Бирлигинин рынокторуна чыгуучу экспорттук мүмкүнчүлүктөр, Улуу Британияга жеңилдетилген же нөлдүк тарифтер боюнча жана Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн соода схемасынын (DCTS) алкагында жөнөкөйлөштүрүлгөн шарттарда экспорттук мүмкүнчүлүктөрү жана Евразия Бажы биримдигинин потенциалы боюнча маалымат алышты.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы Ортоңку коридор үчүн транзиттик өлкө болуп саналат, бул өз кезегинде логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү муктаждыгын жогорулатат.

Бардык талкуулардан кийин тараптар логистика тармагындагы долбоорлорду илгерилетүү жана логистикалык борборду куруу максатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Маалымат үчүн: “ALTINOK CONSULTING ENGINEERING INC” – ири инфраструктуралык долбоорлор менен алектенген консалтинг фирма.Компания 1967-жылы негизделген жана учурда 480ден ашык инженерлер иштейт, ошондой эле ISO9001, ISO14001 сыяктуу сапат стандарттарына ээ.