Улуттук агенттик кытай компанияларынын делегациясы менен Кыргыз Республикасына инвестициялардын келечегин талкуулады

Бүгүн, 2023-жылы 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Ж.М. Жээналиевдин Кытай Эл Республикасынын (КЭР) ири логистикалык компанияларынын делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө инвестицияларды тартуу жана коргоо жаатындагы маселелер талкууланды.

Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Кыргыз Республикасы инвестиция үчүн зор потенциалга ээ экенин, ал азырынча толук ачыла электигин билдирди. Ал туризм, энергетика жана алтын өндүрүү тармактарына инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады.

“Сиздерди потенциалдуу инвестициялык долбоорлорду изилдөө үчүн Кыргызстанга келип, алдыда боло турган “Ысык-Көл – 2023 “эл аралык экономикалык форумуна катышууга чакырабыз”, – деп белгиледи Ж.Жээналиев.

Ошол эле учурда Кыргызстан инвестиция тартууну талап кылган уникалдуу жерлерге ээ экенин дагы бир жолу баса белгиледи.

КЭРден келген делегациянын башчысы Чжан Цянь айым Кытай Эл Республикасы кайра жаралуучу энергия тармагындагы долбоорлорго, электркарларын кайра экспорттоого, бонд кампаларын курууга жана туризмди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар мындан аркы натыйжалуу кызматташууга ишенимин билдиришти жана жашыл долбоорлорду илгерилетүү үчүн жашыл экономика чөйрөсүндө эл аралык форумду уюштуруу келечегин белгилешти.