Ведомстволор аралык жумушчу топ Кыргыз Республикасында венчурдук каржылоо чөйрөсүндөгү эл аралык тажрыйбаны жана ченемдик актылардын долбоорлорун талкуулады

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте директордун орун басары  Ж.М. Жээналиевдин төрагалыгы алдында венчурдук каржылоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун 5-отуруму болуп өттү.

Отурумдун жүрүшүндө ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү, ошондой эле эл аралык эксперттер венчурдук каржылоону киргизүүнүн эл аралык тажрыйбасын, анын ичинде коңшу өлкөлөрдүн тажрыйбасын, ошондой эле ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү тарабынан иштелип чыккан Венчурдук каржылоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун талкуулашты.