Улуттук агенттик жана Пакистандын Элчиси соода байланыштары жана инвестициялык келечегин талкуулашты

Бүгүн, 2023-жылдын 22-июнда КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У.Темиралиев атайын ыйгарым укуктуу Элчи Хасан Али Зайгама менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун алкагында тараптар Кыргызстан менен Пакистандын бизнес-ассоциацияларынын ортосунда соода байланыштарын жөнгө салуу үчүн байланыштар менен алмашышты. Элчи белгилегендей, Кыргызстан өз аймагына инвестиция салууга эң жагымдуу өлкө болуп саналат жана инвестицияларды коргоо жаатында жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө.

ИУАнын директору мамлекет тарабынан инвесторлорго көмөктөшүү жана колдоо, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана ЭЭА механизмдерин өнүктүрүү жөнүндө дипломатиялык өкүлгө айтып берди. Тараптар ошондой эле Кыргызстанга инвестиция салуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.

“Биз мындай жолугушуулар үзгүлтүксүз болуп, Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө болот деп ишенебиз. Биз атайын ыйгарым укуктуу Элчиге Кыргызстанга инвестиция салууга кызыгуусу жана кызматташууга даярдыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз”, – деп белгиледи У.Темиралиев.