Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүүсүндө Германия европалык ишенимдүү өнөктөш
2023-жылдын 22-июнда Улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев Германиянын Экономика жана климатты коргоо боюнча федералдык министрлигинин Статс – катчысы Удо Филипп башында турган Германия Федеративдүү Республикасынын экономикалык делегациясы менен Германиянын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер мырзанын Кыргыз Республикасына 2023-жылдын 21-июнунан 23-июнуна чейинки расмий сапарынын алкагында жолугушту.
Жолугушууда учурдагы эки тараптуу экономикалык жана ишкердик кызматташтыкка, конкреттүү инвестициялык долбоорлорду сунуштоого тиешелүү бир катар маселелер талкууланды, ошондой эле жакынкы жана орто мөөнөттүү мезгилдерге пландар түзүлдү.
Улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиевдин куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти жана Министрлер Кабинети тарабынан өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртууга жана турукташтырууга, анын ичинде КР инвестициялык кодексин жана КР венчурдук инвестициялоо жөнүндө мыйзамын иштеп чыгууга багытталган жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө актуалдуу маалымат берилди.
Өз кезегинде Удо Филипп мырза Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтыктын көрүнүктүү ургалдуулугун белгилеп, ошондой эле Германия тарап Кыргыз Республикасынын аймагында бир нече багыттар боюнча туруктуу энергомайнаптуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдирди. Ошону менен бирге Германия Федеративдүү Республикасынын Экономика жана климатты коргоо боюнча министрлиги бул максаттарга жетүү үчүн ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр.
Германия Федеративдүү Республикасынын экономикалык делегациясынын курамында Германия Федеративдүү Республикасынын Экономика жана климатты коргоо боюнча министрлигинин, Германиянын Экономикасынын чыгыш комитетинин өкүлдөрү, ошондой эле экономиканын ар кайсы тармактарынан, анын ичинде энергетика, өнөр жай, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, логистика жана финансылык кызматтарды көрсөтүү боюнча 10дон ашык компаниянын жетекчилери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү таанышып, Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы экономикалык жана ишкер кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар маселелер боюнча пикир алмашышты. Германиялык ишкерлердин өзгөчө кызыгуусун “Камбар – Ата – 1 ГЭСин куруу” долбоору, Кыргыз Республикасынын аймагында күн электр станцияларын куруу, ошондой эле “Кытай – Кыргызстан-Өзбекстан”темир жолун куруу алкагындагы логистикалык долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүгү жаратты. Жолугушуунун жыйынтыгында ар кандай багыттар боюнча кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү боюнча беш Меморандумга кол коюлду, бул эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн жаңы позитивдүү түрткү берет.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар Туруктуу экономикалык өсүшкө дем берүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле 2023-жылдын ноябрында Гамбург шаарында биргелешкен ишкердик иш-чараларды, тактап айтканда Кыргыз-герман ишкердик кеңешинин экинчи отурумун жана Кыргыз-герман бизнес-форумун өткөрүү маселелери боюнча туруктуу негизде активдүү кызматташуу ниетин билдиришти.