Кыргызстан-Түркмөнстан кызматташуулары экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө жаңы дем берет
Ашхабадда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик уюштурган Кыргызстандын жанан Түркмөнстандын бизнес коомчулугунун, Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы элчилиги жана Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрүнүн арасында жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууда текстиль өнөр жайы, курулуш материалдарын өндүрүү, тамак-аш өнөр жайы, IT-технологиялар жана нефтехимия сыяктуу экономиканын ар кандай тармактарында иштеген 17 кыргыз компаниясы тааныштырылды. Түркмөн тараптан курулуш материалдарын өндүрүү, транспорт жана логистика, тамак-аш жана текстиль өнөр жайы, ошондой эле IT-технологиялары менен алектенген 40 компаниянын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун негизги темалары эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, ошондой эле мамлекеттердин экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу маселелери болду. Катышуучулар товардык номенклатураны жана эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн форматтарын кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты.
Эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн өсүшү байкалып, биргелешкен ишти активдештирүүгө жана өнөктөштүктү кеңейтүүгө кызыктар экени айтылды. Жолугушуунун соңунда биргелешкен иштин ар кандай багыттары боюнча кызматташуу жөнүндө 20дан ашык меморандумга кол коюлду.
Ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлери ишкерликти өбөлгөлөөнү жана инвестициялык өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Жалпысынан жолугушуу ийгиликтүү жана жемиштүү болуп, Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө жаңы дем берди.