Рига Бизнес – форуму – Борбор Азия менен Латвиянын ортосундагы жаңы соода мүмкүнчүлүктөрү

Бүгүн, 2023-жылдын 13-июнунда Рига шаарында (Латвия) “Борбор Азия менен Латвиянын ортосундагы жаңы соода мүмкүнчүлүктөрү” бизнес – форуму болуп өттү

Бизнес-форумдун алкагында Латвиянын алдыңкы компаниялары менен жолугушуулар, потенциалдуу өнөктөштөр, импорттоочулар жана дистрибьюторлор менен B2B и B2G жолугушуулары, ошондой эле экспедиторлордун, логисттердин жана автоташуучулардын ассоциацияларынын стивидордук компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуулары болду.

Мындан тышкары латвиялык дистрибьюторлор Кыргызстандан тамак-аш азыктарын импорттоого кызыкдарлыгын билдиришти.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын атынан тамак-аш азыктарын өндүрүүчү, ошондой эле логистикалык компаниялардан турган 10 компаниянын делегациясы катышты.

Бизнес-форумдун жыйынтыгы боюнча делегация Рига эркин портуна, Литванын Лиепай эркин портуна жана Клайпеда портуна да барышты. Сапардын алкагында Европа биримдигинин өлкөлөрүнө мындан ары экспорттоо үчүн кампа жайларын жеңилдетилген негизде берүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын автомобилдик ташуучулары менен мультимодалдык Транскаспий коридору боюнча деңиз ташууларынын катышуучуларынын ортосунда өз ара аракеттенүүнүн жаңы формаларын түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Бизнес-форумду уюштуруу Борбордук Азиядагы соода боюнча USAID Программасынын колдоосу менен уюштурулган.