Үрүмчү шаарында (КЭР) Кыргыз соода үйү ачылат

2023-жылдын 25-майында Үрүмчү шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин орун басары Б.Э. Төрөбаев башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясынын СУАР (КЭР) ишкерлери менен ишкер жолугушуусу болуп өттү. КР Тышкы иштер министрлигинин жана КР КЭРдеги элчилигинин колдоосу менен КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик “Хуахе Интернейшнл” Бизнес-консалтинг компаниясы менен биргеликте иш-чаранын демилгечиси болду.

Б.Төрөбаев куттуктоо сөзүндө акыркы жылдары КР менен КЭРдин ортосундагы мамилелер бизнес чөйрөсүндө кыйла бекемделгенин белгиледи.

“Бүгүнкү жолугушуубуз кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө өз салымын кошот, мамилелерибиз мындан да бекем жана жемиштүү болот деп ишенем”, – деп белгиледи ал.

Инвестициялар боюнча агенттиктин директорунун орун басары Н.М.Баясов инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу кыскача маалымат берди. Анын айтымында акыркы он жылда биздин региондун инвестициялык потенциалы бир нече эсеге өстү, бүгүнкү күндө КЭР ТЧИ агымынын 26,3% ашыгын же жалпысынан 275 млн. АКШ дол.               ээлейт, бул көрсөткүчтөр боюнча Кыргызстанда алдыңкы орунда турат.

“Эң оболу, биз Кытай менен өз ара мамилелер конкреттүү долбоорлорду өнүктүрүүгө багытталат деп ишенебиз. Биринчи кезекте бул бизнес жүгүртүүдөн эбак чыккан өнөр жай аянттарын реанимациялоого байланыштуу долбоорлор. Экинчиден, биздин муктаждыгыбыз инфратүзүмдүк долбоорлор жаатында стратегиялык узак мөөнөттүү өнөктөш алууда турат”, – деди Н.Баясов.

Жолугушуунун жыйынтыгында КРдин Экономика министрлиги менен “YEMA” компаниясынын ортосунда макулдашууга кол коюлду. Документте соода жаатында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү, тактап айтканда, Кыргыз соода үйүн ачуу каралган.