Нарын облусунда инвестициялык жана МЖӨ долбоорлору аныкталды
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Ж.Жээналиев жана МЖӨ борборунун директорунун орун басары У.Данилбеков Нарын облусу боюнча жумуш сапарынын алкагында артыкчылыктуу инвестицияларды жана МЖӨ долбоорлорун аныктоо боюнча жолугушууларды өткөрүштү.
Жолугушууда Нарын облусун жетекчилигинин өкүлдөрү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана жеке сектордун өкүлдөрү катышты.
Жолугушууларда Нарын облусунун инвестициялык потенциалын чыңдоо жана мамлекет тарабынан колдоого муктаж болгон тармактарды аныктоо маселелери талкууланды. Жумушчу топ Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын жана Кочкор райондорунда болушту.
Көчмө жыйындын жыйынтыгы боюнча күн энергиясы, бажы инфратүзүмү, ургалдуу багбанчылык, муниципалдык инфратүзүм жана башка секторлорго инвестиция тартуу боюнча долбоорлордун тизмеги аныкталды.
Белгилей кетсек ушул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-мартындагы №75 “Кыргыз Республикасынын башкаруу системасын өркүндөтүү жана инвестициялык потенциалды жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында жүргүзүлүүдө.