GLOBAL G.A.P. эл аралык сертификациялоо жолунда

2023-жылдын 27-январында Кельн шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору У.Темиралиевдин GLOBAL GAP компаниясынын башкы директору Кристиан Мюллер менен жолугушуусу болду.

Талкуунун негизги маселеси ата мекендик продукцияны сертификациялоону жана анын эл аралык рынокторго тоскоолдуксуз чыгышын камсыз кылуу үчүн GLOBAL G.A.P. компаниясы менен түз байланышты жөнгө салуу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө У.Т. Темиралиев ата мекендик органикалык продукциянын экспортун илгерилетүү жаатында мамлекеттик жана жеке секторлордун жүргүзүп жаткан иштеринин учурдагы статусу жана аны өстүрүүдөгү зор дарамети боюнча маалымат берди.

Өз кезегинде Мюллер Мырза GLOBAL G.A.P. сертификаттоо системасы коопсуз жана экологиялык таза тамак-аш өндүрүшүнүн стандарты экендигин белгиледи. Бул тамак-аш өнөр жайындагы эл аралык өнөктөштүк аркылуу кызматташууну жеңилдетет. Мындан тышкары GLOBAL G.A.P. стандарттары натыйжалуу өндүрүшкө багытталган. Борбор Азия регионунун ичинен компания Өзбекстан менен активдүү кызматташууда, мында 238 өндүрүүчүнүн колунда GLOBAL G.A.P. сертификаты бар жана алар өз продукциясын тышкы рынокко активдүү экспорттоодо.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар өнөктөштөрдүн квалификациясын андан ары жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасында окутуу курстарын өткөрүү жөнүндө макулдашты. Ошону менен бирге GLOBAL G.A.P компаниясынын өкүлдөрү менен биргеликте сертификат алуу боюнча бардык процесстерди баяндаган технологиялык карта иштелип чыгат.

Маалымат үчүн: G.A.P Good Agricultural Practice “талаптагыдай айыл чарба практикасы” дегенди билдирет. GLOBAL G.A.P. айыл чарба продукциясын сертификаттоонун стандарттарын белгилейт. Бул азык-түлүк коопсуздугуна багытталган айыл чарбасындагы сапатты контролдоо боюнча дүйнөдөгү алдыңкы системалардын бири. Мындан тышкары анын ачык-айкын иш-аракеттери дүйнө жүзү боюнча стандарттардын ырааттуу сакталышын камсыз кылат.

GLOBAL G.A.P. уюму айыл чарба өндүрүүчүлөрүн сертификаттоо жана баалоо үчүн жеке чечимдерди жана окутуу программаларын иштеп чыгат. Бүгүнкү күндө 119 өлкөдө 155  миңге жакын негизги өндүрүүчүлөр сертификациядан өтүштү.