Кыргызстан-Өзбекстан бизнес форумунун алкагында бир катар документтерге кол коюлду

26-январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик иш сапарынын алкагында Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлеринин катышуусунда бизнес форум өтүп жатат.

Өткөн бизнес форумдун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду, анын ичинде жеңил өнөр жай тармагында кызматташууну өнүктүрүү боюнча келишим, өзүнчө “Жол картасы”, жалпысынан 168 миллион доллардан ашык суммасында айыл чарба чөйрөсүндөгү бир катар меморандумдар жана келишимдер түзүлдү.

Алардын эң ирилери:•

Агроөнөр жай комплекси чөйрөсундөгү кызматташуу боюнча “Жол картасы”.

•Кыргыз Республикасында электр энергиясын эсептөө шаймандарын чогултууну уюштуруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум;

• Терини өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча кызматташуу, ошондой эле Нарын облусунда картөшкө өстүрүү боюнча айыл чарба кластерин уюштуруу жөнүндө меморандум;

• Жалал-Абад облусунда текстиль өндүрүшүн түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

• токума кездеме өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум,

•Кыргыз Республикасында кальций карбидин өндүрүү боюнча комплексти куруу боюнча инвестициялык долбоордун алкагында биргелешкен өнөктөштүк жөнүндө меморандум;

• Кыргыз Республикасынан Өзбекстан Республикасына тоют жүгөрү данын жеткирүү келишими,

• Кыргыз Республикасынан Өзбекстан Республикасына айыл чарба продукциясын жана малды жеткирүү келишими.