Сауд Аравия Королдугунун ири компаниялары Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн изилдейт

2022-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттигинин директорунун орун басары Баясов Н.М. Сауд Аравиядагы Кыргызстандын элчилигинин макулдашууларынын алкагында инвестиция министринин орун басары Бадр Ибн Ибрагим аль-Бадр менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө инвестиция жана бизнести өнүктүрүү тармагында кызматташуунун перспективалары талкууланды. Сауд тарабына жеңилдиктер жана артыкчылыктар, экономиканын приоритеттүү багыттары тууралуу маалымат берилди жана 10дон ашык инвестициялык долбоор кароого сунушталды. Макулдашууларды ишке ашыруу максатында инвестиция министринин орун басары жетектеген Сауд ири компаниялары, атап айтканда, “Acwa Power”, “Flynas”, “Alhokair Group”, “Inter Health”, “Fas Energy”, “Seera Group”, “Ajlan & Bros Group”, ж.б. Кыргыз Республикасына инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө жана ар түрдүү тармактардагы бизнес структуралары менен, анын ичинде тоо-кен, инфраструктура, энергетика жана кайра жаралуучу энергия, туризм жана саламаттыкты сактоо, агроөнөр жай жана IT-сектору кызматташууну түзүү үчүн иш сапары менен келишет.