Турецкие инвесторы выразили заинтересованность в строительстве современной трамвайной сети в Бишкеке
5 июля 2022 года директор Национального агентства по инвестициям при Президенте КР РА. Сабиров встретился с представителями компании «Yapı Merkezi İnşaat ve Sanayi A.Ş». На встрече обсуждались проекты в сфере транспорта и инфраструктуры.
В своем выступлении Равшанбек Сабиров предоставил информацию о текущей политике Президента КР С.Н. Жапарова и работе, проводимой Национальным агентством по инвестициям. Также директор НАИ отметил, что важен каждый инвестор, который намерен инвестировать в страну.
В свою очередь, турецкие инвесторы выразили заинтересованность в модернизации аэропорта имени Исхака Раззакова в Лейлеке и строительстве трамвайной системы (легкорельсовый или современный дековиль) в Бишкеке.
По итогам встречи была достигнута договоренность о совместной работе над обсуждаемыми вопросами.
Следует отметить, что с кыргызской стороны на встрече приняли участие президент Международного аэропорта «Манас» Б.О. Шаршеев, директор Международного аэропорта «Ош» А.С. Токуров, глава Лейлекской районной государственной администрации – аким А.Р. Рахманкулов, депутат Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Ч.И. Аджибаев и др.
Справочно: «Yapı Merkezi» была основана в 1965 году. Компания реализовала различные проекты более чем в тридцати странах мира и работает в транспортной, инфраструктурной, строительной и других отраслях. Подробнее: https://yapimerkezi.com.tr/
2022-жылдын 5-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Р.А. Сабиров “Yapı Merkezi İnşaat ve Sanayi A.Ş” компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушууда транспорт жана инфраструктура жаатындагы долбоорлор талкууланды.
Равшанбек Сабиров өз сөзүндө өлкөгө инвестиция салууну көздөгөн ар бир инвестор маанилүү экенин белгилеп, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун жүргүзүп жаткан саясаты жана Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги тарабынан алып барылып жаткан иштер боюнча маалымат берди.
Өз кезегинде түркиялык инвесторлор Лейлектеги Исхак Раззаков аэропортун модернизациялоого жана Бишкек шаарында трамвай системасын (жеңил темир жол же заманбап дековил) курууга кызыкдар экендигин билдиришти.
Жолугушуунун соңунда талкууланган маселелер боюнча биргелешип жумуш алып баруу макулдашылды.
Эскерте кетсек кыргыз тараптан жолугушууга «Манас» эл аралык аэропортунун президенти Б.О. Шаршеев, Ош эл аралык аэропортунун директору А.С. Токуров, Лейлек районундук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким А.Р. Рахманкулов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.И. Ажибаев жана башкалар катышышты.
Маалымат үчүн: Yapı Merkezi 1965-жылы негизделген. Компания дүйнөнүн отуздан ашык өлкөсүндө түрдүү долбоорлорду ишке ашырган. Транспорт, инфраструктура, курулуш жана башка тармактарда иш алып барат. Кененирээк: https://yapimerkezi.com.tr/