«ASKON» Ишкерлер ассоциациясынын ишкерлери менен жолугушуу
Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министринин м.а Н.М Баясов Түркиянын «ASKON» Ишкерлер ассоциациясынын (Askon Anadolu Aslanlari Isadamlari Dernegi) Президенти Орхан Айдын башчылыгындагы ишкерлер менен жолугушту.
Жолугушууда министрдин милдетин аткаруучу Кыргыз Республикасынын Инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берип, түрк ишкерлерин өлкөгө инвестиция салууга чакырды. Өз кезегинде «ASKON» Ишкерлер ассоциациясынын президенти Орхан Айдын Кыргыз Республикасы бир тууган өлкө экенин жана азыркы учурда эки мамлекеттин учурдагы мамилелери жаңы тепкичке чыкканын белгилеп, түрк ишкерлери Кыргызстанга инвестиция салуу боюнча кызыгуусу жогорку деңгээлде экендигин билдирди.
Ошондой эле «ASKON» Кыргыз Республикасынын Инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгып, эң кыска убакытта ишкерлердин Кыргызстанга сапары уюштуруларын баса белгиледи жана Кайсери шаарында өтө турган бизнес-форумга ардактуу конок катары чакырды. Отуздан ашуун өлкөнүн катышуусунда өтө турган бул сыяктуу иш-чаралар Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн таанытууда мыкты аянтча болуп эсептелет.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министринин м.а Н.М. Баясов өлкөдө инвестиция салууга ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн жана инвесторлорду колдоо багытында тынымсыз иштер алып барыларын айтты.
Маалымат үчүн: «ASKON» 1998-жылы түзүлгөн. Түркия боюнча 6 миңден ашуун мүчөсү бар, жалпысынан 500 миңден ашуун кишини иш менен камсыз кылат, Түркиянын ичинде 40тан ашуун филиалы ошондой эле Брюссель, Нью-Йорк, Пекин, Джидда, Джакарта сыяктуу дүйнөнүн маанилүү соода борборлорунда кеңселери бар. Жылдык товар айлануусу 17 миллиард доллардан ашат.
И.о. министра инвестиций Кыргызской Республики Н.М. Баясов встретился с бизнесменами во главе с Президентом Турецкой ассоциации предпринимателей «АСКОН» (Аскон Анадолу Асланлари Исадамлари Дернеги) Орханом Айдыном.
В ходе встречи и.о. министра проинформировал об инвестиционных возможностях Кыргызской Республики и призвал турецких бизнесменов инвестировать в страну.
В свою очередь, президент Ассоциации предпринимателей «АСКОН» Орхан Айдын отметил, что Кыргызская Республика является братской страной и нынешние отношения между двумя странами вышли на новый уровень, особо подчеркнув, что сегодня турецкие бизнесмены активно заинтересованы в инвестировании в Кыргызстан.
АСКОН также рассмотрел возможности инвестиционного климата КР, при этом информируя, что в ближайшее время будет организован визит предпринимателей в Кыргызстан.
Также, представители АСКОН пригласили и.о. Министра в качестве почетного гостя на бизнес-форум, который пройдет в Кайсери.
Следует подчеркнуть, что подобные мероприятия проходят с участием более 30 стран, что является отличной площадкой для продвижения инвестиционных возможностей Кыргызстана.
В свою очередь, исполняющий обязанности министра инвестиций Кыргызской Республики Н.М. Баясов сказал, что в стране созданы благоприятные условия для инвестиций и будет продолжена работа по поддержке инвесторов.
Для справки: «АСКОН» создан в 1998 году. Он насчитывает более 6000 членов по всей Турции и в общей сложности насчитывает более 500 000 человек, имеет более 40 филиалов в Турции и офисы в крупных торговых центрах по всему миру, включая такие города, как Брюссель, Нью-Йорк, Пекин, Джидда и Джакарта. Годовой оборот превышает 17 миллиардов долларов.