«İZMİR AGROEXPO»
Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министринин м.а. Н.М. Баясов Түркия Республикасынын Измир шаарында өткөн «İZMİR AGROEXPO» айыл чарба көргөзмөсүнө катышты.
Бул жылы 17-ирет өтүп жаткан көргөзмөнүн башкы уюштуруучулары, «ORION FUARCILIK» компаниясынын президенти Фатих Тан жана вице-президенти Ырмак Тан менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын айыл-чарба багытындагы экспорт потенциалы боюнча маалымат берилип, келечектеги кызматташтык жөнүндө сөз болду.
Кийинки жылдагы айыл чарба көргөзмөсүнө кыргыз тарабына акысыз негизде орун бөлүп берүү боюнча макулдашууга жетишилди.
Жолугушуунун соңунда Н.М. Баясов уюштуруучулардын коштоосунда аталган көргөзмөнү көрүп чыгып, түрк өндүрүшчүлөрүн Кыргызстанга чакырды. Буга жооп иретинде «ORION FUARCILIK» компаниясынын вице-президенти жакынкы аралыкта делегация менен Кыргызстанга келерин белгиледи.
———————————————
И.о. министра инвестиций Кыргызской Республики Н.М. Баясов принял участие в сельскохозяйственной выставке «İZMİR AGROEXPO» в г. Измир, Турецкая Республика.
В рамках выставки, состоялась двусторонняя встреча с основными организаторами 17-й выставки «ORION FUARCILIK», в лице президента Фатиха Тан и вице-президента Ырмака Тан, где было обсуждено сотрудничество в области экспорта сельского хозяйства Кыргызской Республики.
Кроме того, достигнута договоренность о предоставлении кыргызской стороне места для участия на сельскохозяйственной выставке в следующем году на безвозмездной основе.
В свою очередь, Н.М. Баясов пригласил турецких производителей в Кыргызскую Республику. В ответ, вице-президент «ORION FUARCILIK» сообщил, что в ближайшее время посетит с делегацией Кыргызстан.