Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу тааныштырылды.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу тааныштырылды

2025-жылдын 26-мартында Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун тааныштыруу иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты – мамлекеттик кызматкерлерге уңгужолдун маңызын жана анын инвестициялык саясатка тийгизе турган таасирин түшүндүрүү болду.

Иш-чарага Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Дамирбек Бикулов, ошондой эле агенттиктин жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Төрага Мелис Мураталиев атайын презентация жасап, “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» – бул биздин мамлекетти бекемдөө жана өнүктүрүү үчүн иштелип чыккан стратегиялык багыт. Ар бир мамлекет күчтүү болуу үчүн өзүнүн улуттук демине таянышы керек. Улуттук демибиз канчалык күчтүү болсо, биз дүйнөлүк бийиктиктерге ошончолук жакын болобуз,» — деп билдирди.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу мамлекеттик кызматтын бардык тармактарына, анын ичинде инвестициялык саясатка да терең сиңиши керектигин белгилешти.

Катышуучулар бул концепцияны иш жүзүндө кантип колдонууга боло тургандыгы тууралуу сунуштарын беришти.