Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте TRITOR италиялык компаниясы менен жолугушуу өттү



Бүгүн, 2-февралда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте таштандыларды кайра иштетүү боюнча инновациялык жана экологиялык таза технологияларга адистешкен TRITOR S.R.L. италиялык компаниясынын өкүлдөрү менен расмий жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү катышты. Профилдик мамлекеттик жана муниципалдык органдардын катышуусу долбоорлорду ишке ашырууга жана тиричилик, медициналык калдыктарды кайра иштетүү боюнча пилоттук жабдууларды жайгаштырууга мүмкүн болгон аянтчаларды алдын ала аныктоо менен катар практикалык маселелерди талкуулоого багытталды.
Тараптар туруктуу өнүгүү чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташуунун келечегин, «жашыл» технологияларды киргизүүнү, катуу тиричилик жана медициналык калдыктарды кайра иштетүүнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында пилоттук инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
“Таштандыларды кайра иштетүү маселеси учурда өзгөчө курч маселелердин бири. Кыргыз Республикасы заманбап, экологиялык коопсуз технологияларды киргизүүгө кызыкдар. Биз үчүн жөн гана идеялар эмес, жергиликтүү шарттарга ылайыкташтырууга боло турган иш жүзүндө натыйжа берген чечимдер маанилүү. Биз кызматташууга ачыкпыз жана мындай долбоорлорду ишке ашыруунун бардык баскычтарында коштоп берүүгө даярбыз”- деди, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен TRITOR S.R.L. компаниясынын ортосунда Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документ тараптардын ортосунда өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө жана узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.
Меморандум суткасына 200 тоннага чейин сорттолбогон тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашырууну, цемент ишканаларында альтернативдүү экологиялык таза отунду колдонууну, полигондорду рекультивациялоо жана тазалоо боюнча заманбап чечимдерди киргизүүнү, ошондой эле мамлекеттик медициналык мекемелерде медициналык калдыктарды кайра иштетүү долбоорлорун ишке киргизүүнү карайт. Мындан тышкары, жергиликтүү кадрларды даярдоо жана окутуу, инвестицияларды тартуу жана каржылык процесстердин ачыктыгын камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.