Skip to main content
Түз эфир
Инвестициялар боюнча улуттук агенттик: Кыргызстанда ири инвесторлор үчүн шарттар жөнөкөйлөштүрүлдү
ЖАҢЫЛЫК
2025-ж., 22-сентябрь 04:031 мүнөт окуу3

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик: Кыргызстанда ири инвесторлор үчүн шарттар жөнөкөйлөштүрүлдү

Кыргыз Республикасында бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана түз чет элдик инвестицияларды тартуу максатында ири бизнести стимулдаштырууга багытталган конкреттүү чаралар ишке ашырылууда. «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Мыйзамдын жоболоруна ылайык,…

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Кыргыз Республикасында бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана түз чет элдик инвестицияларды тартуу максатында ири бизнести стимулдаштырууга багытталган конкреттүү чаралар ишке ашырылууда. «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Мыйзамдын жоболоруна ылайык, инвесторлорго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен түздөн-түз индивидуалдуу инвестициялык макулдашуу түзүү мүмкүнчүлүгү берилди. Бул норма 10 миллион АКШ долларынан кем эмес инвестиция салууга даяр болгон жана төмөнкүлөргө ээ болгон инвесторлорго тиешелүү: эл аралык ишкердик абройго, ийгиликтүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруудагы уникалдуу билим жана тажрыйбага. Инвестициялык келишимдин алкагында инвесторлорго төмөнкү мүмкүнчүлүктөр берилет: салыктык жана бажылык жеңилдиктер, преференциялар, негизги кызматкерлер үчүн визалык колдоо, долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жер тилкелерин тандап алуу жана каттоого көмөк көрсөтүү. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик эл аралык жана жергиликтүү инвесторлорду кызматташууга чакырат жана инвестициялык демилгелерди арыз тапшыруудан тартып долбоорду ишке ашырууга чейин толук коштоого даяр.

Бөлүшүү: