Мазмунга өтүү
Инвестициялык долбоорлор боюнча биргелешкен иштин багыттары талкууланды
Инвестициялык долбоорлор боюнча биргелешкен иштин багыттары талкууланды
Инвестициялык долбоорлор боюнча биргелешкен иштин багыттары талкууланды
МЕЖДУНАРОДНОЕ СОТРУДНИЧЕСТВО
2026-ж., 28-сентябрь 09:571 мүнөт окуу

Инвестициялык долбоорлор боюнча биргелешкен иштин багыттары талкууланды

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин (ИУА) башчысы Равшанбек Сабиров Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев менен жолукту

invest.gov.kg сайтынын басма сөз кызматы
Расмий булак

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин (ИУА) башчысы Равшанбек Сабиров Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев менен жолукту.

ИУАнын башчысы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун инвестициялык демилгелерди колдоодогу жана эки өлкөнүн ортосундагы ишкердик кызматташтыкты чыңдоодогу ролун белгиледи.

«Инвестициялык долбоорлор боюнча тыгыз кызматташуу үчүн Улуттук агенттик менен Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү. Биз келечектүү долбоорлорду биргелешип издөөгө жана коштоого, аларды каржылоого тартууга көмөктөшүүгө жана ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө кызыкдарбыз. Инвестициялык демилгелер конкреттүү долбоорлорго айланып, экономикалык натыйжа берип, эки өлкөнүн бизнеси үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүшү маанилүү», - деди Равшанбек Сабиров.

— Равшанбек Сабиров

Жолугушууда инвестициялык чөйрөдөгү мындан аркы кызматташтык, инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү, инвестициялык демилгелерди коштоо, каржылоону тартуу жана Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын өз ара кызыкчылыгындагы долбоорлорду илгерилетүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жумушчу байланыштарды улантууга, келечектүү инвестициялык демилгелер боюнча маалымат алмашууга жана ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар долбоорлорду биргелешип иштеп чыгууга макулдашышты.

Бөлүшүү: