Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабировдун тапшырмасынын негизинде инвестициялык долбоорлорду колдоо жана аймактардын инвестициялык потенциалын өнүктүрүү максатында жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери менен жолугушуулар уланууда.
Кезектеги жолугушуу Бишкек шаарында өттү. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов жана Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышын, учурдагы көйгөйлүү маселелерди жана шаардын инвестициялык климатын жакшыртуу боюнча чараларды талкуулашты.
Ошондой эле тараптар инвестиция тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана инвестициялар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну күчөтүү жана Бишкек шаарынын инвестициялык жагымдуулугун мындан ары жогорулатууга багытталган биргелешкен аракеттерди координациялоо боюнча макулдашышты.


