Мазмұнға өту
Тікелей
Чүй облусунда инвестициялык долбоорлор талкууланды

ГЛАВНАЯ
2026 ж. 11 тамыз, 09:182 мин оқу19

Чүй облусунда инвестициялык долбоорлор талкууланды

Пресс қызметі invest.gov.kg
Ресми көз

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабировдун тапшырмасынын негизинде Чүй облусунда жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери менен бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, жаңы өндүрүштүк объектилерди ачууга даярдык көрүү маселелери талкууланды.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов Чүй облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бизнес өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу, ошондой эле жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун перспективдүү багыттарын аныктоо маселелери боюнча пикир алышты.

Мындан тышкары, инвестиция тартуу, ишке ашырылып жаткан долбоорлорду колдоо жана аймактын инвестициялык потенциалын мындан ары өнүктүрүү маселелери каралды. Жыйынтыгында тараптар инвестициялык долбоорлорду коштоо боюнча биргелешкен ишти жана өз ара координацияны күчөтүү, ошондой эле аймакка инвестиция тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча макулдашышты.

Иш сапардын алкагында Улуттук агенттиктин өкүлдөрү «Аква Пром» ЖЧКсынын жана «Хуа Руй» ЖЧКсынын өндүрүштүк объектилерин кыдырышты. Алар ишканалардын ишмердүүлүгү, өндүрүштүк кубаттуулугу жана ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен таанышып, учурдагы маселелерди жана мындан аркы өнүгүү перспективаларын талкуулашты.

Бөлісу: