Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Азатович Сабиров агенттиктин жамааты менен алгачкы таанышуу жыйынын өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө агенттиктин негизги иш багыттары белгиленип, алгачкы кезектеги милдеттер аныкталды. Равшанбек Азатович өзгөчө белгилегендей, агенттиктин башкы артыкчылыгы инвестиция тартуу гана эмес, инвесторлорду колдоо да болот. Ал инвесторлор үчүн жагымдуу […]