Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров 2025-жылдын 3-сентябрында Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун ири долбоорлорунун бири — «Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетин Инновациялык билим берүү кластерин түзүү жолу менен модернизациялоо» долбоорунун ишке ашырылышы боюнча жыйын өткөрдү.
Долбоор ишке ашырыла баштагандан тарта КРЭУнун чыгыш канаты реконструкцияланып, модернизацияланды. Анын базасында Эл аралык инновациялык стартап-борбор ишке кирди. Ошондой эле коммуналдык тармактар, ирригациялык система жаңыланып, кире бериш жолдору оңдолуп, айлана-чө[…]