Кыргызстан менен Кытай МЖӨ алкагында жана «Бир алкак — Бир жол» демилгеси çeтегинде жаңы долбоорлорду караштырууда. Улуттук инвестициялар агенттигинде Кытай архитектуралык долбоорлоо академиясынын делегациясы менен жолугушуу өттү. Анда курулуш, шаар куруу жана социалдык турак жай тармагындагы долбоорлор, ошондой эле экспорттук потенциалы бар жыйноочу завод түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Тараптар өз ара кызыгууларын билдирип, кызматташтыктын конкреттүү форматтарын мындан ары иштеп чыгууну макулдашышты.
2025-жылдын 5-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялар агенттигинде (мындан ары – УИА) УИАнын директорунун орун басары Жалин Жээналиев жана УИАнын алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Нурбек Анарбекин Кытайды[…]