Кыргыз Республикасынын Президентинин караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги жана Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) инвестициялык климатты өнүктүрүү жана инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты талкуулашты
Бүгүн, 2025-жылдын 9-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Равшанбек Сабиров Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Дмитрий Пятаченко жана IFCнин консультанты Эркин Асрандиев менен жолугушту.
Жолугушууда инвестициялык климатты жакшыртуу, инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу жана өлкө экономикасында инновацияларды стимулдаштыруу боюнча кызматташтыктын негизги багыттары талкууланды.
Улуттук агенттик жүргүзүлүп жаткан инвестициялык саясат боюнча, нын ичинде мамлекеттик органдар, бизнес жана эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнүн борбордук координациялык органы катары агенттиктин ролун күчөтүү, Кыргыз Республикасынын «Инвестициялар жөнүндө» мыйзамынын жаңы редакциясынын кабыл алынышы, «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышы, «Венчурдук каржылоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун иштелип чыгышы.
Жолугушууда келечектүү инвестициялык багыттар: кайра жаралуучу энергия булактары, транспорттук инфратүзүм жана экономиканы санариптештирүү талкууланды. Кубаттуулугу 100–150 МВт болгон күн электр станциясы үчүн МЖӨ пилоттук долбоорун ишке ашыруу өзүнчө талкууланды, анын алкагында IFC техникалык-экономикалык негиздемени даярдоого колдоо көрсөтүүдө. Долбоор боюнча инвестициянын жалпы көлөмү 100 миллион доллардан ашат.
Жыйындын жыйынтыгында тараптар мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү, кичи жана орто бизнести, аялдардын ишкердигин өнүктүрүү, ири инфратүзүмдүк демилгелерди ишке ашыруу, энергетикалык долбоорлорду колдоо жана Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин Инвестициялык стратегиясын даярдоо боюнча конструктивдүү диалогду жана биргелешкен ишти улантууга даяр экенин тастыкташты.