Кытайлык «Вэйин» компаниясы Кыргызстанга инвестиция салууга даяр
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Shaoguan Weiying New Materials компаниясынын (Кытай Эл Республикасы) өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Кытайдын «Вэйин» компаниясы өндүрүш, илим жана билимди айкалыштырган жогорку технологиялуу ишкана. Компания өзүнүн ишмердүүлүгүнүн алкагында сурьма тоо-кен жана металлургия тармагында алдыңкы технологияларды иштеп чыккан жана патенттеген. Өзгөчө көңүл салттуу, экологиялык жактан кооптуу өндүрүш ыкмаларынан баш тартууга бурулат. Анын ордуна инновациялык щелочтуу нымдуу эритүү киргизилип, айлана-чөйрөнү булгаган калдыктардын пайда болушун (суу, аба, катуу калдыктар) жокко чыгарды.
Жолугушуунун жүрүшүндө кытайлык компаниянын өкүлдөрү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык жана өндүрүштүк долбоорлорду ишке ашыруу үчүн биргелешкен аянтча түзүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги бул демилгени кубаттап, туруктуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты орнотууга ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.