Кыргыз Республикасындагы айыл чарба продукциясынын сапатын контролдоо жана сертификациялоо боюнча лаборатория түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин жетекчиси У.Темиралиев Германиянын Федеративдуу Республикасынын эл аралык стандарттын талаптарына жооп берген айыл чарба продукциясын сертификациялоо жаатында « Wessling » компаниялар тобунун башкаруучу өнөктөшү Анна Весслинг айым менен кызматташууну түзүү максатында жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө У.Темиралиев Кыргызстандын органикалык продукциясынын тышкы рынокко пайдаланылбай жаткан зор экспорттук потенциалы тууралуу маалымат берип, Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясынын сапатын эл аралык стандарттарга ылайык текшерүү жана сертификациялоо боюнча лаборатория түзүүгө инвестициялык долбоорду сунуштады.

Өз кезегинде Весслинг айым белгилегендей, компаниялар тобунда айыл чарба кыгынын так талдоосунан, тоютту баалоодон, ичүүчү суунун гигиенасын талдоодон жана биогаздын түшүмдүүлүгүн аныктоодон тарта айыл чарба тармагы үчүн атайын кызматтардын жана аналитикалык системалардын кеңири спектри жана биогаз станцияларынын негизги көрсөткүчтөрүн жана массалык баланстарын түзүү мүмкүнчүлүктөрү бар.

Учурда компаниялар тобунун 7 өлкөдө 24 өкүлчүлүгү бар жана Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясынын сапатын контролдоо жана сертификациялоо лабораториясын түзүү боюнча долбоордун өнөктөшү жана тең негиздөөчүсү катары сунушту карап чыгууга даяр.

Жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасында айыл чарба продукциясынын сапатын контролдоо жана сертификациялоо боюнча лабораторияны түзүү маселесин мындан ары биргелешип изилдөө үчүн байланыштар менен алмашышты.