«Бишкек шаарынын 9-кичи районунда заманбап «CITY Market» базарын долборлоо жана куруу»: катышууга чакыруу

Бишкек шаарынын мэриясынын “Шаардык жол-транспорт инфратүзүмү” муниципалдык ишканасы МЖӨ борбору менен биргеликте “Бишкек шаарынын 9-кичи районунда заманбап “CITY Market” базарын долборлоо жана куруу” мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча жеке өнөктөштү тандоо боюнча сынак жарыялайт жана бардык кызыкдар тараптарды конкурска катышууга чакырат. Долбоор Бишкек шаарынын 9-кичи районунда Байтик Баатыр, 6а жана Байтик Баатыр, 4а дарегиндеги үйлөрдүн ортосунда кичи базарды куруу боюнча заманбап технологиялык чечимди түзүүнүн аркасында дүң-чекене соода жүргүзүүнүн талаптарына жооп берген заманбап шаардык инфратүзүмдү түзүүгө багытталган. МЖӨ долбоорунун коштоочу максаттары – жеткиликтүү жана экологиялык чөйрөнү түзүү, калкка сапаттуу кызматтарды жана продуктуларды берүү жана борбордун жашоочуларынын эс алуусу үчүн коомдук мейкиндиктерди түзүү. Конкурска катышуу үчүн квалификациялык талаптар менен төмөнкү шилтеме боюнча таанышсаңыздар болот: ЗК Квалификациялык тандоого билдирмеси жана ага тиркелген документтери менен конверт төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаарынын мэриясынын “Шаардык жол-транспорт инфратүзүмү” муниципалдык ишканасы, Шабдан Баатыр пр., 2 (Депо-2), же почта аркылуу курьердик кызмат менен 2025-жылдын 23-октябрынын саат 18:00на чейин. Долбоорго байланыштуу суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын “Шаардык жол-транспорт инфратүзүмү” муниципалдык ишканасына 0557 408808 телефону боюнча же МЖӨ борборуна 30 01 76 телефону боюнча кайрылууну өтүнөбүз.