Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Бишкек ЭЭАда текшерүү жүргүздү.
2025-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров объекттердин учурдагы абалына баа берүү, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоо максатында «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Бишкек ЭЭАнын жетекчилиги жана резиденттери менен болгон жумушчу жолугушууда инвестициялык климатты өнүктүрүү, ишкерлерди колдоо маселелери, ошондой эле иштеп жаткан ишканалардын өндүрүштүк кубаттуулуктарын кеңейтүү жана модернизациялоо перспективалары талкууланды.
Жолугушуудан кийин Улуттук агенттиктин башчысы өндүрүштүк ишмердүүлүк менен алектенген жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруучу бир катар ишканаларга барды, анын ичинде:
- * “ГУМА” ЖЧКсы – тигүү жиптерин чыгаруу. Инвестициялардын көлөмү – 404 млн сом, кошумча 496 млн сом пландалууда.
- * «Конурат Трейд» ЖЧКсы – вискоза салфеткаларын чыгаруу. Инвестициялар – 126 млн сом, кошумча 50 млн сом пландалууда.
- * “Орион Гранд” ЖЧКсы – килем өндүрүшү. Инвестициялар 121 миллион сомду түзүп, кошумча 87 миллион сом пландалууда.
- * «Сан Лиан» ЖЧКсы – кагаз жана картон өндүрүшү. Инвестициялар 201 миллион сомду түзсө, планга кошумча 100 миллион сом каралган.
- * «Бишкек Люе Жипин» ЖЧКсы – санитардык-гигиеналык жана тиричилик кагаз буюмдарын өндүрүү. Инвестициялар – 222 миллион сом, план боюнча кошумча 56 миллион сом.
- * «Азиятон» ЖЧКсы – боёк жана лак чыгаруу. Инвестициялар 133 миллион сомду түзөт.
- * «Эко-Бум» ЖЧКсы – үч дөңгөлөктүү мотороллерди чыгаруу. Инвестициялардын жалпы суммасы – 80 млн сом.
- * “Глобус КР Со” ЖЧКсы – гипс блокторду чыгаруу. Инвестициялардын көлөмү – 35 млн сом.
Равшанбек Сабиров инвестиция тартуу, жумуш орундарын түзүү жана өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүү үчүн негизги аянтча катары Бишкек ЭЭАнын маанилүүлүгүн белгиледи. Ал иштеп жаткан инвесторлорду системалуу колдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Улуттук агенттик мындан ары жаңы долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.