Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров V эл аралык аялдар бизнес-форумуна катышты

2025-жылдын 10-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Аялдар Конгресси, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана Түрк маданиятынын эл аралык уюму тарабынан уюштурулган V эл аралык аялдар бизнес-форуму болуп өттү.

Форумга мамлекеттик органдардын, эл аралык коомчулуктун, Соода-өнөр жай палаталарынын, бизнес чөйрөлөрүнүн, ошондой эле эксперттер жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров куттуктоо сөзүн сүйлөп, республиканын экономикасын өнүктүрүү үчүн аялдардын ишкердигинин маанилүүлүгүн белгиледи.

Өлкөбүздө аялдардын ролун жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча чаралар ырааттуу түрдө ишке ашырылып жатат. Алардын коомдогу жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүндөгү маанисин жогору баалап, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров 2030-жылга чейин Аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программаны бекитти. Улуттук агенттик ишкер аялдарды колдоону өз ишинин стратегиялык багыты катары карайт, өзгөчө чакан жана орто экономиканы, ошондой эле санариптик өнүктүрүү чөйрөсүндө», – деп белгиледи Равшанбек Сабиров.

Бул багыттагы демилгелерди ишке ашыруу жагымдуу инвестициялык чөйрөнү калыптандырууга, аялдардын ишкердик потенциалын өнүктүрүүгө жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болорун баса белгиледи.

Форум аялдардын ишкердигин өнүктүрүүнүн келечегин, инвестициялык маселелерди, инновацияларды жана эл аралык кызматташууну талкуулоочу аянтча болуп калды.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар диалогду кеңейтүүгө жана аялдардын бизнесин өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык прогрессиндеги анын ролун жогорулатууга багытталган демилгелерди биргелешип ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.