Binance Кыргызстан менен стратегиялык кызматташтыкты кеңейтүүдө: негизги багыт — санариптик экономика жана билим берүү

Binance Борбордук Азиядагы негизги рыноктордун бири болгон Кыргызстандагы өзүнүн катышуусун күчөтүүдө. Компания Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюп, стратегиялык өнөктөштүктүн негизин түптөдү.

Binance’тин Борбордук жана Чыгыш Европа, Борбордук Азия жана Африка өлкөлөрү боюнча регионалдык жетекчиси Кирилл Хомяков белгилегендей, КР Президенти Садыр Жапаровдун кол коюу аземине катышуусу мамлекет санариптик экономикага жогорку маани берип жатканын айкын көрсөтөт. Келишимдин алкагында Binance Pay төлөм чечимин киргизүү жана Президентке караштуу Академия, ошондой эле башка жогорку окуу жайлары менен биргеликте билим берүү программаларын ишке ашыруу пландалууда.

Кыргызстан санариптик активдерди кабыл алуунун жогорку деңгээлин көрсөтүп келет, ал эми нормативдик базаны өркүндөтүү өлкөнү эл аралык инвестициялар жана технологиялар үчүн дагы да жагымдуу кылууда.

Binance’тин Кыргызстандагы пландары тууралуу кененирээк Кирилл Хомяковдун “Экономист” сайтындагы маегинен окуй аласыз.