Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялар агенттиги вьетнамдык ROX Group өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчилиги Вьетнамдын ROX Group компаниясынын өкүлдөрү, анын ичинде Кыргызстандын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси доктор Ву Куанг жана компаниянын топ-менеджерлери менен жолугушту.

Тараптар турак-жай курулушу, энергетика жана рекреациялык туризм тармактарындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ROX Group өкүлдөрү Кыргызстан региондорунда бир катар долбоорлорду ишке ашырууну баштаганын, бул багытта компаниянын эл аралык тажрыйбасы жана инновациялык ыкмалары колдонуларын билдиришти.

Агенттик долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин тастыктады. Жолугушуунун жыйынтыгында биргелешкен кадамдар аныкталып, компаниянын ишмердигин үзгүлтүксүз коштоп туруу үчүн жооптуу адамдар дайындалды.

Маалымдама: ROX Group 1996-жылы негизделген. Компания кыймылсыз мүлк, технология, мейманкана бизнеси жана финансылык кызматтар тармагында адистешкен. Европа рынокторун кошо алганда, өзүнүн эл аралык катышуусун активдүү кеңейтип келет.