Кыргызстан жана Россия: миллиарддык акцентке ээ өнөктөштүк

Россия Кыргызстандын экономикасына негизги инвестициялык өнөктөштөрдүн бири бойдон калууда.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Россия Федерациясынан түз келген чет элдик инвестициялардын туруктуу өсүү динамикасын белгилөөдө.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматына ылайык, 2024-жылы Россия Федерациясынан Кыргызстанга багытталган инвестициялардын көлөмү 279,3 млн АКШ долларын түзгөн.
Инвестициялар төмөнкү негизги тармактарга бөлүштүрүлгөн:
Иштетүү өнөр жайы — 117,5 млн АКШ доллары.
Опттук жана чекене соода, автоунаа жана мотоциклдерди оңдоо — 127,2 млн АКШ доллары.
Каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу — 23,0 млн АКШ доллары.
Башка багыттар — 11,5 млн АКШ доллары.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Россия Федерациясы менен стратегиялык өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, Кыргыз Республикасынын туруктуу экономикалык өнүгүүсү үчүн инвестициялык кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.