Жашыл өнөктөштүк: Кытайдын CECEP ENERGY корпорациясы Кыргызстандагы долбоорлорду караштырууда

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Кытайдын CECEP ENERGY корпорациясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин, ошондой эле Энергетика министрлигинин өкүлдөрү катышышты.

Тараптар кайра жаралуучу энергия булактары, суу ресурстарын башкаруу жана энергетикалык инфраструктура тармактарындагы кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулашты. Айрыкча жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө инвестиция тартуу жана Кыргызстан аймагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, туруктуу өнүгүү багытын кармануу, инновациялык технологияларды киргизүү жана энергетика секторундагы инвестициялык демилгелерди ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча өзүнүн позициясын белгиледи.