Урматтуу ишкерлер жана өнөктөштөр!

2025-жылдын 18-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз-Түрк бизнес-форуму өтөт. Иш-чарага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, ишкер чөйрөнүн жана инвестициялык компаниялардын өкүлдөрү катышат.
Форум экономикадагы негизги тармактар боюнча биргелешкен долбоорлорду талкуулоо жана илгерилетүү үчүн аянтча болот, анын ичинде: • соода жана инвестициялар, • өнөр жай жана өндүрүш, • транспорт жана логистика, • энергетика жана кайра жаралуучу булактар, • айыл чарба жана кайра иштетүү, • курулуш жана инфраструктура, • туризм жана мейманкана бизнеси, • билим берүү, илим жана санариптик технологиялар.
Программада — B2B жана B2G жолугушуулар, жаңы өнөктөштүктөрдү түзүү, инвестициялык долбоорлорду презентациялоо жана кыргыз-түрк кызматташтыгынын перспективаларын талкуулоо каралган.
📌 Форумга каттоо башталды! Кыргыз жана түрк ишкерлерин, бизнес жана уюм өкүлдөрүн катышууга чакырабыз.