Кыргызстан менен Германия бизнес кызматташууну чыңдашат: Чолпон-Атада бизнес-форум жана Деловой кеңештин жыйыны өтөт

2025-жылдын 26-августунда Чолпон-Ата шаарында жылдын маанилүү эл аралык иш-чараларынын бири — кыргыз-герман бизнес-форуму «Кыргызстандагы Германия экономикасынын күнү» жана Кыргыз-Герман Деловой кеңешинин IV жыйыны өткөрүлөт.
Иш-чара «Рух Ордо» маданий борборунда жана Кыргыз Республикасынын Президенттин №2 мамлекеттик резиденциясында өтөт. Форумдун уюштуруучусу — Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик.
Эки өлкөнүн жогорку даражалуу өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Куттуктоо сөзү менен Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев жана Германиядагы Кыргыз Республикасынын ардактуу Башкы консулу, профессор, Немец-Кыргыз ишкердик кеңешинин тең-төрагасынын орун басары Райнхольд Крэммель чыгышат.
Форумдун программасында эки тематикалык панелдик сессия каралган:
«Германо-кыргыз экономикалык кызматташтыгы үчүн энергетика тармагындагы долбоорлор» — «жашыл» энергетика жана инфраструктура боюнча өз ара кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү;
«Өткөөл мезгилдеги экспорттук потенциал жана логистика: Ортоңку коридордун мүмкүнчүлүктөрү» — соода жолдорун өнүктүрүү жана логистикалык чынжырларды заманбап чакырыктарга ылайыкташтыруу маселелери.
Түштөн кийин Кыргыз-Герман Деловой кеңешинин жыйыны өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри катышат. Башкы тема — «Кыргыз-Герман соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгы: Өнөктөштүктүн ажырагыс бөлүгү катары финансы».
Форум мамлекеттик органдардын, ишкер чөйрөнүн, тармактык бирликтердин, эл аралык уюмдардын жана инвесторлордун өкүлдөрүн чогултат.
Иш-чаранын максаты — экономикалык диалогду жандандыруу, соода жана инвестициялык байланышты кеңейтүү, ошондой эле Кыргызстан менен Германиянын стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоо.
Маалымат үчүн: Кыргыз-Герман Деловой кеңеши биргелешкен долбоорлорду координациялоо, бизнести колдоо жана эки тараптуу инвестицияларды стимулдаштыруу үчүн түзүлгөн. Чолпон-Атадагы форум бул кызматташуунун өнүгүшүндө маанилүү этап болуп саналат.