Инвестицияларга багыт: КР Башкы прокуратурасында жаңы мыйзам жана ишкерлердин укуктарын коргоо талкууланды

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында биринчи орун басар Башкы прокурор Б. Маатовдун төрагалыгы астында ишкерлер менен инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңештин жыйыны өттү.

Кеңештин мүчөлөрү бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртуу жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу боюнча Иш-чаралар планынын долбооруна сунуштарды беришти. Бардык демилгелерди ишке ашыруунун так жолдору көрсөтүлүп, талкуу конструктивдүү жана мазмундуу өттү.

Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө жаңы мыйзамды талкуулоого бурулду. Ал мыйзам инвестициялык климатты жакшыртууну, улуттук жана чет өлкөлүк инвестицияларды стимулдаштырууну, капиталды коргоо кепилдиктерин күчөтүүнү жана укуктук шарттарды теңдөөнү көздөйт.

Мыйзамдын негизги жоболору:

  • Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин ыйгарым укуктарын кеңейтүү жана бардык процедуралардын ачыктыгын камсыз кылуу;
  • Инвесторлордун укуктарын кеңейтилген кепилдиктер менен коргоо, анын ичинде улуттук режимди сактоо, кирешени эркин пайдалануу жана ишенимдүү маалыматка жетүү укугу;
  • Инвестициялык талаштарды сотко чейинки чечүү механизмин киргизүү, бул административдик тоскоолдуктарды азайтат;
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына инвестициялык долбоорлорду демилгелөө жана коштоо боюнча ыйгарым укуктарды берүү;
  • Эл аралык стандарттар жана келишимдер менен шайкештикти камсыз кылуу, бул чет элдик инвесторлордун ишенимин арттырат жана кызматташтыкты жеңилдетет.

Кеңештин катышуучулары кабыл алынган чаралар жана пландалган реформалар туруктуу экономикалык өсүшкө жана ишкерлер менен инвесторлордун укуктарын коргоого өбөлгө болоруна ишеним билдирди.