Чолпон-Ата шаарында кыргыз-герман бизнес-форуму старт алды — стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы этабы

Бүгүн Чолпон-Ата шаарында жылдын негизги эл аралык ишкердик иш-чараларынын бири — «Кыргызстандагы Германия экономикасынын күнү» аттуу кыргыз-герман бизнес-форуму жана Кыргыз-Герман Ишкер кеңешинин 4-жыйыны ачылды.

Форумдун уюштуруучусу — Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик.

Иш-чара эки маанилүү жайда өтүүдө — «Рух Ордо» маданий борборунда жана Кыргыз Республикасынын №2 Мамлекеттик резиденциясында.

Форумга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров, «Гарантиялык фонд» ААКнын Башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров, Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин аткаруучу директору Михаэль Хармс, Экономика жана соода министри Бакыт Сыдыков, Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышууда.

Куттуктоо сөздөрү менен Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров жана Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин аткаруучу директору Михаэль Хармс кайрылышты.

Форумдун алкагында эки тематикалык панелдик сессия каралган. Биринчиси — «Герман-кыргыз экономикалык кызматташуусундагы энергетика тармагындагы долбоорлор» — «жашыл» энергетика жана туруктуу инфраструктура жаатындагы биргелешкен демилгелерге арналган. Экинчиси — «Өткөөл мезгилдеги экспорттук потенциал жана логистика: Ортоңку коридордун мүмкүнчүлүктөрү» — соода жолдорун жаңылоо жана глобалдык чакырыктарды эске алуу менен логистикалык чечимдерди өнүктүрүүгө багытталган.

Түштөн кийин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин катышуусунда Кыргыз-Герман Ишкер кеңешинин жыйыны өтөт. Башкы тема — «Кыргыз-Герман соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуусу: Өнөктөштүктүн ажырагыс бөлүгү катары финансы».

Форум эки тараптуу экономикалык диалогду бекемдөөгө, инвестицияларды тартууга жана Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүгө, ошондой эле Германия менен стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүүгө багытталган маанилүү аянтча болуп саналат.