МЖӨ борбору 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын жарыялады

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыгын чыгарды.

Алты айдын ичинде МЖӨ механизминин алкагында 9 долбоор түзүлгөн. Борбордун долбоорлор портфели 80 демилгеге жетти, анын ичинен 59 долбоор ишке ашыруу процессинде жана 21 долбоор даярдоо стадиясында.

Борбордун иши инфратүзүмдү, региондук экономиканы, туруктуу жана экологиялык таза долбоорлорду өнүктүрүүгө, ошондой эле мамлекеттик жана жеке сектордун өнөктөштүгүн бекемдөөгө багытталган.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга жана социалдык-экономикалык чөйрөдөгү стратегиялык максаттарга жетишүүгө багытталган артыкчылыктуу демилгелерди ишке ашырууну улантат.