Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Азатович Сабиров Кытайдын «Чэньси Интернэшнл» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Компания дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө ири инфраструктуралык жана өнөр жай долбоорлорун ишке ашыруу боюнча адистешкен.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук агенттиктин жетекчиси Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды. Ал Кыргызстанды чет элдик инвесторлор үчүн ишенимдүү өнөктөш катары мүнөздөгөн бир катар стратегиялык артыкчылыктарды белгиледи: • Кыргызстандын Евразиянын жүрөгүндө жайгашкан географиялык абалы, ал Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн базарларына кеңири мүмкүнчүлүк ачат; • бай жаратылыш ресурстары жана келечектүү тармактар — гидроэнергетика, тоо-кен өнөр жайы, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, туризм жана логистика; • инвестициялык жагымдуу климат түзүү — салыктык жана бажылык жеңилдиктер, ошондой эле стратегиялык долбоорлор үчүн мамлекеттик колдоо.

«Кыргызстан конструктивдүү диалогго жана өз ара пайдалуу өнөктөштүккө ачык. Биз чет элдик өнөктөштөрүбүзгө жаратылыш жана адамдык бай потенциалдан тышкары, долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга арналган мамлекеттик колдоонун реалдуу инструменттерин сунуштоого даярбыз», — деп баса белгиледи Улуттук агенттиктин директору.

«Чэньси Интернэшнл» компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдирип, инфраструктура куруу, энергетика жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү сыяктуу тармактардагы биргелешкен долбоорлордун жогорку потенциалын белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы мазмундуу диалогду улантууну макулдашышып, «Чэньси Интернэшнл» компаниясынын өкүлдөрү жакын арада расмий кайрылуу жолдоо ниетин билдиришти.

.