Пакистан Кыргызстандын жер казынасын пайдалануу жана инвестициялык демилгелерине кызыкдар экенин билдирди

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Фархат Иминов Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Элчисинин орун басары Марван Алекс Айяш мырза менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-пакистан инвестициялык кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары талкууланды. Эки тарап тең экономикалык байланыштарды мындан ары да чыңдоого ниеттерин ырасташты.

Пакистан тарап Кыргызстандын тоо-кен тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Алтын, вольфрам, жез жана гранит кендерин иштетүү мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле аймактык CASA-1000 программасын ишке ашыруу алкагында энергетика тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Жолугушууда Фархат Иминов Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган бир катар негизги демилгелерди сунуштады. Артыкчылыктуу чараларга Инвесторлордун бирдиктүү реестрин киргизүү, административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, инвесторлор үчүн аккредитациялык карталарды киргизүү кирет, бул мамлекеттик органдар менен ачык-айкын жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.

Бул демилгелерди ишке ашыруу жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө кызыкдар чет өлкөлүк өнөктөштөрдү тартууга багытталган.