МЖӨ аракетте: Ошто жогорку технологиялуу МРТ борбору ишке кирди
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында заманбап жабдуулар менен жабдылган жаңы магниттик-резонанстык томография (МРТ) борбору ишке кирди. Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) алкагында ишке ашырылып, Кыргызстандын түштүк аймагында медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууда маанилүү кадам болуп калды.
1 миллион доллардан ашык инвестиция
Долбоордун алкагында имараттарга толук реконструкциялоо жүргүзүлүп, кытай өндүрүшүнүн жогорку технологиялуу MRРТ-жабдыктары орнотулган — кубаттуулугу 1,5 Тесла болгон uMR 580, диагностикалык эл аралык стандарттарга туура келет.
Долбоор башталганга чейин оорукананын өзүнүн МРТ аппараты жок болгондугуна байланыштуу, бейтаптарга жеке клиникаларга же башка шаарларга барууга туура келген. Жаңы борбордун ачылышы менен облустун жашоочулары кошумча убакыт жана каражатсыз өз жеринде сапаттуу диагностика ала алышат.
Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 15 жыл. Келишим аяктагандан кийин борбор жана орнотулган жабдуулар иштеп жаткан жана талаптагыдай абалда мамлекеттик өнөктөшкө берилет.
Долбоордун өнөктөштөрү
Долбоор КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик тарабынан КР Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте демилгеленген. Жеке өнөктөштү тандоо боюнча сынак 2024-жылдын 12-мартында жарыяланган. Конкурстук жол-жоболордун жыйынтыгында «Шаншуй Silk Road KG» ЖЧКсы өнөктөш болуп калды.
Бул долбоорду ишке ашыруу социалдык чөйрөдө МЖӨ механизмин эффективдүү колдонуунун мисалы болуп саналат жана аймактык саламаттыкты сактоону өнүктүрүүгө жеке инвестициялардын потенциалын көрсөтөт.