Кыргызстан Казакстандан рекорддук инвестиция тартты — үч эсе өсүү

Казакстан Республикасынан Кыргызстандын экономикасына тике чет өлкөлүк инвестициянын көлөмү 2024-жылы 113,5 миллион АКШ долларын түзүп, тарыхый эң жогорку чекке жетти. Бул рекорддук көрсөткүч биздин өлкөнүн инвестициялык климатына Казакстандык бизнестин ишениминин өсүп жатканын көрсөтөт.
Расмий статистикага ылайык, 2021-жылдан бери Казакстандык инвестициянын агымы үч эседен ашык көбөйгөн — 33,6 миллион АКШ долларынан 113,5 миллион АКШ долларына чейин. Мындай динамика Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы эки тараптуу экономикалык байланыштардын жана стратегиялык өнөктөштүктүн чыңдалышын чагылдырат.
Инвестицияларды тартуучу тармактар
Казак инвесторлору Кыргызстандын экономикасынын төмөнкү тармактарына жигердүү кызыгуу көрсөтүүдө:
-өнөр жай жана чийки затты кайра иштетүү;
-транспорт жана логистика;
-айыл чарба;
– соода жана кызмат көрсөтүү.
Бул багыттардагы инвестициялар өндүрүштү модернизациялоого, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, технологияларды трансфертке жана өлкөнүн экспорттук потенциалынын өсүшүнө өбөлгө түзөт.
Аймактык өнөктөштүктү тереңдетүү
Кыргызстан инвестиция тартуу жана региондогу мамлекеттер менен экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жигердүү саясатты улантууда.