Диалог чечимдерди жаратат: Кыргызстан менен Кытай инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүдө
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Фархат Иминов менен Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин айымдын ортосунда конструктивдүү баарлашуу болуп өттү.
Тараптар кыргыз-кытай инвестициялык кызматташтыгынын учурдагы абалын талкуулап, мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын белгилешти. Энергиянын кайра жаралуучу булактары, транспорттук-логистикалык инфратүзүм, сырьену кайра иштетүү, айыл чарба жана туризм чөйрөлөрүндөгү долбоорлорду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
“Диалог чечимдерди жаратат. Биз Кытай менен туруктуу өнөктөштүктү баалайбыз жана биргелешкен долбоорлорду кеңейтүү үчүн эбегейсиз потенциалды көрүп жатабыз. Биздин милдет – инвестицияларды коргоо, сооданы өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө көмөк көрсөтүү”, – деди Фархат Иминов.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2024-жылы Кыргызстандын экономикасына тике чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 2023-жылдагы көрсөткүчтөн (844,8 миллион доллар) ашып, 1 миллиард 29 миллион долларды түздү. Кытай эң ири инвестор болуп, 286,5 миллион доллар инвестиция салган. Кытай ошондой эле негизги соода өнөктөш катары лидерлигин сактап калды: 2024-жылы өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү 22,71 миллиард долларга жетип, мурунку жылга салыштырмалуу 2,9 миллиард долларга өскөн.
Күн тартибиндеги негизги маселе Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоорун талкуулоо болду. Тараптар эл аралык транспорт коридорунун элементи жана аймактын транзиттик потенциалын жогорулатуу куралы катары демилгенин стратегиялык маанисин баса белгилешти. Долбоор ишке ашыруу стадиясына кирди.
Жолугушууда санариптик экономика маселелери да каралды. Улуттук агенттиктин директору Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук кеңештин ишмердүүлүгү, санариптик сомду ишке киргизүү жана мамлекеттик крипто-резервди түзүү жөнүндө айтып берди.
Кыргызстан кытайлык финтек компаниялары жана технологиялык инвесторлор менен кызматташууга ачык. Улуттук агенттик масштабын кеңейтүү жана чек ара аркылуу колдонуу мүмкүнчүлүгү бар пилоттук санариптик долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар күч-аракеттерди координациялоо, маалымат алмашуу жана биргелешкен демилгелерге мониторинг жүргүзүү үчүн үзгүлтүксүз жумушчу жолугушууларды өткөрүү боюнча макулдашышты.