Бизнес-форумда Кыргызстан менен Германия экономикалык өнөктөштүктү бекемдөөдө

2025-жылдын 6-августунда Чолпон-Ата шаарындагы (Ысык-Көл облусу) «Рух Ордо» маданий борборунда жана Кыргыз Республикасынын Президентинин №2 Мамлекеттик резиденциясында «Кыргызстандагы Германия экономикасынын күнү» кыргыз-герман бизнес форуму жана Ишкерлер кеңешинин 4-жыйыны өтөт. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик уюштурууда.

Форум Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы эки тараптуу экономикалык диалогду өнүктүрүү үчүн негизги аянтчалардын бири болуп саналат. Ага мамлекеттик органдардын жана бизнестин өкүлдөрү, эл аралык жана аймактык инвесторлор, ошондой эле эки өлкөнүн бизнес-ассоциациялары жана адистештирилген ведомстволору катышат.

Форумда айыл чарба, логистика, чийки затты казып алуу жана кайра иштетүү, энергетика, ошондой эле кыргыз-герман экономикалык өнөктөштүгүн чыңдоого жана тереңдетүүгө көмөктөшүүчү башка тармактарда кызматташууну талкуулоого өзгөчө көңүл бурулат.

Иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачары күтүлүүдө.