Кыргыз-монгол бизнес форуму: келишимдер жетишилди жана негизги макулдашууларга кол коюлду

Монголиянын Президентинин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында Бишкекте кыргыз-монгол бизнес-форуму болуп өттү. Бул иш-чара эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулоо жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосунда конкреттүү келишимдерди түзүү үчүн маанилүү аянтча болуп калды.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулду.
Форумдун жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Монголиянын Улуттук соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Монголиянын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда кыргыз-монгол Ишкер кеңешин түзүү жөнүндө макулдашуу;
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Монголиянын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда кыргыз-монгол Ишкер кеңешин түзүү жөнүндө макулдашуу;
“Кыргызалтын” ААКсы менен Монголиянын Борбордук банкынын ортосундагы алтын камтыган минералдык чийки затты ДОРЕ эритмеси түрүндө кайра иштетүү боюнча агенттик келишим;
“Озон” ЖЧКсынын жана “ХушХан” ЖЧКсынын ортосундагы Ниеттер жөнүндө меморандум.
Бул макулдашууларга кол коюу форумдун практикалык натыйжасы болуп калды жана тараптардын, өзгөчө өнөр жай, баалуу металлдар, соода жана чакан бизнес чөйрөлөрүндө өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдарлыгынын жогорку деңгээлин тастыктады.