Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди

Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух бүгүн, 20-июлда, Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары менен келди.
“Манас” эл аралык аэропортунда Монголиянын лидерин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тосуп алды.
Флагштокторго эки өлкөнүн туулары илинип, килем төшөлүп, улуттук боз үй түрүндөгү инсталляция орнотулуп, ардактуу кароол тизилген.
Ухнаагийн Хурэлсухту улуттук кийимчен кыздар тосуп чыгып, ага гүл сунуп, боорсок менен бал ооз тийгизишти.
Мамлекет башчылары үчүн кыргыз артисттеринин катышуусунда концерттик программа уюштурулуп, алар кыргыз жана монгол музыкалык чыгармаларын аткарышты.
Жогорку даражалуу конокту кыргыз элинин бай маданий мурасын чагылдырган улуттук каада-салттар менен тосуп алышты.