Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун Кыргызстанга мамлекеттик сапары болот

Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух 20-июлда Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары менен келет.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

“Сапардын алкагында визиттин статусуна ылайык салтанаттуу иш-чаралар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев менен эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган.

Эки жактуу кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган документтердин топтомуна кол коюу мерчемделүүдө.

Мындан тышкары, сапардын алкагында кыргыз-монгол бизнес форуму, ошондой эле эки өлкөнүн искусство ишмерлеринин катышуусунда концерт өткөрүү пландалган”, – деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.